КРЕДИТ КАРТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЕДИ́Т КАРТАСЫ – электрондук негизде эсеп жүргүзүү үчүн кредиттик уюмдарда (банк ж. б.) ээсинин атайын эсебин тастыктаган пластика­лык карта түрү. К. к. ээсине тейлөө кызмат­тарын жана товарларды чекене соода түйүнүндө накталай эмес төлөм аркылуу алуу укугун тар­туулайт. Картанын электрондук маалыматты алып жүрүшүнө карата магниттик (магнит сы­зыгы менен), чип же смарт карталары деп бөлүнөт. М а г н и т т и к п л а с т и к а л ы к К. к-нда эсепте канча акча каражаты каралганы ж-ндө

«Кыргызстан коммерциялык банкынын» кредит кар­тасы.

маалымат болбойт, болгону гана сатып алыну­учу товарга же көрсөтүлгөн тейлөө кызматы­нын акысын жабуу үчүн кайсы банкка кайры­луу керек экендиги ж-ндөгү маалымат болот. Бул карта менен иш алып барганда кардардын төлөм мүмкүнчүлүгүн билүү үчүн процессинг борборуна же банкка кайрылуу зарыл. С м а р т к а р т а л а р маалыматты өзүнүн кичинекей процессорду элестеткен чибинде жана эсепте кан­ча акча каражаты каралганы жөнүндө жашыруун маалыматты модулдарда сактайт. Бул карта­лар менен иш алып барганда банктар ж. б. кре­диттик уюмдар менен байланышуунун кажети жок, болгону гана электрондук түзүлүштөрдүн жардамы менен тийиштүү сумманы картадан алып салуу керек. О. эле револьвердик, аралаш К. к. кездешет. Кеңири таралгандары: «Виза», «Мас­тер кард», «Американ экспресс», «Евро-кард». Кырг-нда «Демир», «Халык», «Кыргызстан ком­мерциялык банкынын» ж. б. банктардын К. к-лары бар.

Э. Үсөнов.