КРЕДИТ
КРЕДИ́Т (лат. creditum – ссуда, credо – ишенем) – 1) кредитордун насыя алуучу жеке адамга жана юрид. жакка белгилүү мөөнөткө үстөгү (проценти) менен акчалай же товар түрүндө карыз бериши; кредитор менен карыз алуучунун ортосундагы өз ара мамилелер. Ал түрдүү формалары, зайым, лизинг, факторинг ж. б. менен мүнөздөлөт. К. байыркы мезгилдерде эле пайда болгон. К-тин кайра бөлүштүргүч, айланма кредит куралын түзүү, кайта өндүрүү жана жөнгө салуучу функциялары бар. Берилген затына карата К-тин товар, акчалай жана аралаш формасы кезигет. Алгач товар формасындагы (мал, эгин ж. б.) К-тик мамилелер болгон. Товар формасындагы К. убактылуу колдонууга конкреттүү заттын (мал, дан, тери ж. б.) берилишин караган. Бул форма акча мамилелери пайда болгуча колдонулган. Бүгүнкү күндө деле товар түрүндөгү К. товарларды кандайдыр бир мөөнөткө төлөмүн үстөгү менен бөлүштүрүп жүргүзүлүүдө. Эгер алынган товардын (электр приборлор ж. б.) ордуна төлөмү акча каражаты аркылуу же тескерисинче жүргүзүлсө, К-тин аралаш формасы болот. Акча түрүндөгү К. убактылуу колдонууга үстөгү менен берилүүчү акча каражаттарын камтыйт. Бул К-тин формасы бардык экон. мамилелердин субъекттери (мамлекет, ишкана, жарандар ж. б.) тарабынан кеңири колдонулат. К. берилген мөөнөтү б-ча кыска (1 ж. чейин), орто (1–5 жыл) жана узак (5 жылдан көп), ал эми берилиши б-ча эл аралык, мамл., банктык, керектөөчүлүк, товардык, коммерциялык, ипотекалык ж. б. болуп бөлүнөт. К. чарбалык иш-чараларды жүргүзүүдө, айлануу каражаттарын толуктоодо, негизги фонддорду өстүрүүдө, банк системасынын өтүмдүүлүгүн жөнгө салууда ж. б. иштерде К-ке өзгөчө роль таандык; 2) бухгалтерия эсебинин оң тарабы. Актив эсебинде К-ке жазуу каражаттын азайышын, ал эми пассивде – каражаттын көбөйүшүн көрсөтөт.
Ад.: Деньги, кредит, банки. М., 2000; Кредит и кредитный рынок. М., 2006; Банковское дело: современная система кредитования/ Под ред. О. И. Лаврушина. 4-е изд. М., 2009.