КРАТУР
КРА́ТУ́Р – жанар тоонун чокусундагы чара сымал өтө чоң чуңкур. Капталдары тик же жазы. Диаметри ондогон кмге, тереңдиги жүздөгөн мге жетет. Чуңкурдун түбү жазы, жайык келип, талкаланган тектер толуп калат. Кээде сууп, катып калган лава орун алат. Көп сандаган жаракалар кездешет. Мындай жаракалардан газдар, ысык суу буулары шуулдап чыгып турат. Чуңкурдун капталдары талкаланып, урап, кулап тегерек тарткан жапыз тоого айланат. Кээде чуңкурга суу толуп, көл пайда болот. Метеориттердин түшүшүнөн да чуңкурлар келип чыгат. Мис., Ай бетиндеги кратерлер.