КРАСНОЯР КРАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРАСНОЯ́Р КРАЙЫ – Россиянын Азия бө­лүгүндөгү субъектиси. Чыгыш Сибирдин борб. бөлүгүндө, Енисейдин алабында жайгашкан. Түндүгүн Кара (Карск) жана Лаптевдер деңиздери чулгайт. Край Түндүк Жер, Норденшельд архи­пелагдарын жана бир нече аралды да камтыйт. Анын курамына Таймыр (Долган-Ненец) жана Эвенк р-ндору (өзгөчө статуска ээ) кирет. Аян­ты 2366,8 миң км2. Калкы 2,9 млн (2008). Адм.- айм. жактан 48 районго бөлүнөт. К. к-нда 23 шаарча, 41 шаар бар. Борбору – Красноярск ш. Сибирь федерация округунун курамына кирет. Мамл. бийликтин органдар системасы крайдын 1996-ж. кабыл алынган уставы аркылуу анык­талат.
Табияты адамдын жашоосуна эң четки түн­дүктө (Таймыр ж. а-нда) жагымсыз болсо, түш­түгүндө жагымдуу. Экол. абалы канааттанды­рарлыктан өтө курч абалга чейин жетет. Ал жер­суунун, абанын комплекстүү бузулушуна, тоң­дун аракетинен топурактын жакырданышына, жер алдында ядролук жардыруулардын кесепе­тине байланыштуу. Красноярск, Ачинск, Канск ш-нын айланасы өтө булганган. Край Россияда 1980-жылдан атменены зыяндуу заттар менен бул­гоо б-ча 1-орунда турат.
К. к. Түн. Муз океандын жээгинен Түш. Си­бирь тоолоруна чейин (3 миң кмге) созулат. Түн­дүгүн Таймыр жарым аралы (анын борб. бөлү­гүндө Бырранга тоолору жатат) жана Түндүк Си­бирь ойдуңу ээлейт. Енисей д. крайды экиге бө­лүп агат. Батышы жапыз (Батыш Сибирь түз­дүгү), чыгышында Орто Сибирь бөксө тоосу (орт. бийикт. 500–700 м, эң бийик жери Ени­сей токол тоосу, 1104 м жана Путорана плато­су, 1701 м) жатат. Түш. бөлүгүндө Чыгыш Саян (край чегинде бийикт. 2922 м; Грандиозный чо­кусу), Батыш Саян (2930 м), о. эле Абакан кыр­ка тоолору жана Кузнецк Ала-Тоосунун чыгыш капталдары жайгашкан. Тоо аралык өрөөндөр бар. Климаты кескин континенттик. Январдын орт. темп-расы түндүгүндө –30°Сден –36°Сге,

Енисей токол тоосу.

түштүгүндө –18––20°С. Июлдуку 13–20°С. Жыл­дык жаан-чачыны түндүгүндө 200–300 мм, борб. бөлүгүндө 400–600 мм, түштүгүндө тоо каптал­дарында 800–1200 мм. Төмөнкү Тунгуска д-нан

түндүктү карай түбөлүк тоң кеңири таралган. Негизги дарыясы – Енисей, анын ири куймала­ры: Туба, Мана, Кан, Ангара, Абакан, Сым ж. б. Ири көлдөрү: Таймыр, Пясино, Лама, Шира. Негизинен күл, түштүгүн кара топурак ээлейт. Аймагынын басымдуу бөлүгүндө кызыл кара­гайлуу тайга өсөт. Түндүгүндө мамык чөп, эңил­чек жана бадалдуу тундра, түштүгүндө токойлуу тундранын ичке тилкеси бар. Түштүгүндө тоо арасындагы өрөөндөрдө талаа жана токойлуу та­лаа өсүмдүктөрү өсөт. Кен байлыктарынан күрөң көмүр, нефть, никель, кобальт, платина, темир, алтын казылып алынат. «Столбы», Борб. Си­бирь, Тунгуска, Таймыр, Саян-Шуша, Путора­на, Чоң Арктика жана Шуша улуттук парктары уюштурулган.
Калкы негизинен орустар (89%), о. эле украин (2,3), татар, немис, беларустар да жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 1,2 киши (2008). Право­славныйлар, протестанттар, католиктер, му­сулмандар, иудейлер бар. Шаар калкы 75,8%. Ири шаарлары: Норильск, Ачинск, Канск, Же­лезногорск, Лесосибирск, Минусинск, Зелено­горск.
Региондун дүң продукциясынын көлөмү 238,2 млн рубль, андагы ө. ж-дын үлүшү 63,2%, а. ч-ныкы 5,2%. Край түстүү металлургия (а. и. аллюминий ө. ж.) продукциясын өндүрүүгө, ма­шина курууга (муздаткыч, тоңдургуч, Россияда 2-орунда, дан эгиндерин жыйноочу комбайндар­дын 33%ин чыгарат) адистешкен. Россияда то­кой ө. ж. комплекси менен өзгөчөлөнөт. Башкы ө. ж. тармактары: түстүү металлургия, машина куруу жана металл иштетүү, электр-энергетика

Красноярск ГЭСи. (Красноярск, Саян-Шуша ГЭСтери, Назаровск, Красноярск жана Берёзовск ГРЭСтери), тамак-аш, токой, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз. Крайдын а. ч. жакшы өнүккөн эмес. Дан эгиндери, картөшкө, жашылча айдалат. Сүт-эт багытын­дагы мал чарбачылыгы өнүккөн. Кой асыралып, үй куштары багылат. А. ч-га жарактуу жери 5041,1 миң га (жер фондусунун 7,1%), а. и. айдоо аянты 1887,1 миң га, анын 57,7%ин дан эгиндери, 37,1%ин тоют өсүмдүктөрү ээлейт.
Табигый шартынын катаалдыгынан ички ав­томобиль магистралдары жокко эсе. Крайдын түндүктөгү аймактары менен аба, суу жолдору аркылуу катташат. Т. ж-нун уз. 2067 км, ас­фальтталган автомобиль жолу 13,2 миң км, суу жолунуку 7515 км (автономия округдарын кош­погондо). Башкы дарыя порттору: Красноярск, Ачинск, Минусинск, Енисейск, Лесосибирск. Жалпы билим берүүчү 1553 мекеме, 154 баштал­гыч жана атайын окуу жайлары, 31 ЖОЖ (а. и. 11 мамл., филиалдары менен), РИАнын Сибирь ил. бөлүмү, 14 театр (а. и. 3 муз., 2 куурчак), живописчи В. И. Суриковдун музей-чарбагы, китепканалар бар.


Ад.: Красноярский край // Большая Российская энциклопедия. Спец. том. Россия. М., 2004; Краснояр­ский край // Большая Российская энциклопедия. Т. 15. М., 2010.

Р. Карачалова.