КРАСНОВОДСК ПЛАТОСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРАСНОВО́ДСК ПЛАТОСУ Түркмөнстанда; не­гизинен Красноводск ж. а-н, Каспий деңизинин чыгыш жээгин ээлейт. Эң бийик жери 306 мге чейин (түштүгүндө). Негизинен акиташ тегинен, гипстүү мергелден турат. Үстү жайпак дөңсөө­лөр, жазы оёңдор менен бөлүнөт; калдык тоолор (бийикт. 40 мге чейин) бар. Чополуу жана таш­туу чөлгө мүнөздүү өсүмдүктөр өсөт; түн.-чыгы­шында шор баскан ойдуңдар бар.