КРАН 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРАН (голл. krааn),– 1) суюктук же газ агы­мын өткөрүү үчүн көзөнөктүү илмек тетигинин кыймылдуу бөлүгү. К-ды жапканда, ал өзүнүн огунда айланып агымдын, багытына тик абал­ды ээлейт. К. негизги эки тетиктен – кыймыл­сыз – корпустан жана айлануучу – тыгындан турат; 2) машинисттин краны – поезддин (трам­вайдын) автоматтык токтоткучун башкаруучу түзүлүш. Ал локомотивдин кабинасындагы баш­кы аба резервуарын токтоткуч аба магистралы менен туташтыруучу түтүккө орнотулат.