КРАБДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРАБДАР (Вrachyura) – он буттуу рактар түркүмүндөгү деңиз жандыктары. Денеси таш баканыкындай тегерек, сырты катуу. Башы кичине, катуу кабыкка кирип турат. Биринчи жуп буту менен жылып жүрөт. Буттарында кып­чуурлары бар. Кыска курсагы симметриялуу келип, жаак көкүрөгүнүн алдында ийилип ту­рат. Эркегинин курсак буттары (1–2 жуп) копу­ляция органына айланган, ургаачысыныкы 4 жуп. Жумуртка алып жүрүү кызматын аткарат. Алардын 4 миңден ашык түрү белгилүү, көбүнчө тропик деңиздеринде, дарыяларында, тузсуз суу­ларында жана кургакта кездешет. Омурткасыз жандыктардын калдыктары – тарптары менен азыктанат. Метаморфоза жолу менен өөрчүйт. Кээ бир түрү түсүн өзгөртүүгө жөндөмдүү. К. тамак катары колдонулат.