КӨЧӨТ ТОПУРАГЫ
КӨЧӨТ ТОПУРАГЫ – кооз өсүмдүк өстүрүүдө пайдаланылуучу топурак аралашмасы; түрдүү кошулмалардан даярдалат. Чым топурак К. т-нын көбүнүн курамына кирет. Ал эски жа- йыттан алынып, уйдун кыгына (4 м3 чым топуракка 1 м3 кык) аралаштырылат. Топурактын кычкылдуулугун төмөндөтүү үчүн акиташ кошуп, суу чачып, эки жыл бою даярдалат. Чиринди топурак жылытылмада (парникте) мурда пайдаланылган кык жана топурактан турат. Парникти тазалаганда, чиринди топуракты бир жерге үйүп, аралаштырып турат (бир-эки жылда даяр болот). Компост топурак ар кандай орг. калдыкты (отоо чөп ж. б.) чиритүүдөн алынып, кык чыласы, суу чачылат; кычкылдуулугун азайтыш үчүн акиташ кошуп, 2–3 жылдан кийин пайдаланылат. Чым көң топурагы чым көңдөн алынат. Узата үйүлүп, бир жайда 3–4 жолу аралаштырылып, кык чыласын чачып, акиташ, фосфор унун же күл кошуп даярдалат. Чым көң топурагына азот бактеринин менен фосфор бактеринин кошсо, сапаты жакшырат. Булардан тышкары К. т. жалбырак ж. б. чириндилерден да алынат.