КӨЧМӨН ЧАРБАЛАРДЫ ОТУРУКТАШТЫРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЧМӨН ЧАРБАЛАРДЫ ОТУРУКТАШТЫРУУ– Совет бийлиги орногондон кийин СССР- дин курамына караган көчмөндөрдү отурукташ­тыруу үчүн колдонулган атайын саясий иш-чара. Кырг-нда бул маселе Кыргыз обкомунун плену­мунда (1931, 1–4-февраль) жана Кыргыз АССР Со­веттеринин 3-съездинде (1931, 6–12-февраль) ка­ралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынган. Ошол эле жылы Кырг-н ЭКСтин алдында К. ч. о. б-ча респ., райондук к-ттер түзүлүп, 1937-жыл­га карата жарым млндой көчмөн калк отурук­таштырылган. Анын негизинде айыл-кыштактар колхоз-совхоздорго айланып, чарба жүргүзүү үчүн маданий-агартуу ж. б. мекеме, ишканалар курул­ган, к. Айыл чарбаны коллективдештирүү.