ЖАҢЫ-ТАЛАП (Ак-Талаа районундагы кыштак)
ЖАҢЫ-ТАЛАП – Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы кыштак. Тоголок-Молдо айыл аймагына караштуу. Куртка суусунун оң өйүзүндө, Нарын – Казарман автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1690 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Баетов кыштагынан 45 км түндүк тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 270 км. Кыштак 1936-жылы негизделген. Калкы 2306 (2025); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, дарыкана, маданият үйү бар. Мончо, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт. Кыштакта Кыргыз эл жазуучусу Ш. Бейшеналиев туулган.