ЖАҢЫ-ЖЕР (Сузак районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:44, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ЖЕР – Жалал-Абад обллусунун Сузак районундагы кыштак. Сайпидин Атабеков атындагы айыл округуна караштуу. Кара-Дарыя суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 17 км түштүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 25 км. Кыштак 1973-жылы негизделген. Калкы 2960 (2025); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.