«ЗАЙН АЛ-АХБАР»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:33, 26 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЗАЙН АЛ-АХБАР» («Кабарларды көркөм сүрөттөө») – перс (фарси) тилинде жазылган Гардизинин эмгеги. 299 беттен турган кол жазма 1050–1052-жылдары жазылып, ар кандай тарыхый, генеологиялык, географиялык, этнографиялык мазмундагы 5 бөлүк («табака»), 14 бөлүмдөн («баб») туруп, негизинен исламдан мурунку перс шахтары, 423/1032-жылга чейинки Мухаммед пайгамбар жана халифтер, ошондой эле арабдар басып алган мезгилден 432/1041-жылга чейинки Хорасандын тарыхын камтыйт. Гардизи бул эмгегин жазууда VIII кылымда жашаган ибн Мукаффанын «Руб'ал-дунйа», IX кылымдагы араб географы ибн Хордадбехтин «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик», X кылымдын авторлору ибн Рустанын «Ал-алак ан-нафиса», Ахмад ас-Салламинин «Tapих фи ахбар вулат Хорасан» сыяктуу ж.б. эмгектерди пайдаланганын эскерет. Бул эмгекте кыргыздардын келип чыгышына байланыштуу уламыш, аны менен бирге алардын ошол учурдагы мекени, ага баруучу жолдор  тууралуу маалыматтар айтылат. Уламышта славян (саклаб) уруусунан чыккан бир кол башчы римдиктердин элчисин өлтүрүп, өз элинен качып чыгат. Алгач ал кимактар ​​менен тогуз огуздарга келип кошулган жана алардын ханын өлтүрүп, башкырттар менен достук мамиле түзгөндөн кийин күч ала баштаган. Ошондон улам ага келип кошулгандар кыргыздар деп аталып калган. Тогуз огуздар аркылуу кыргыздардын өлкөсүнө алып баруучу жолдордо Чинанжкет, Хасан, Нухбек, Кемиз-Арт, Манбек-Лу, Көгмөн сыяктуу ж. б. тоо, жер-суулардын аталыштары кезигет.Борбордук Азия а. и. Кыргызстан жана кыргыздардын тарыхын изилдөөдө Гардизинин бул кол жазмасы өтө баалуу булактардын бири болуп саналат. В. В. Бартольд өз изилдөөлөрүндө ага жогору баа берген.

Абу Саид Гардизи. Зайн ал-ахбар. /Материалы по истории туркмен и Туркмении. Т. 1. М., 1939.