ЖАҢЫ-БАЗАР (Чаткал районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 22 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-БАЗАР – Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы кыштак. Чаткал айыл округунун борбору. 1985-жылга чейин райондун борбору. Чат­кал суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1480 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Каныш-Кыя кыштагынан 25 км батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 362 км. Калкы 2516 (2025); не­гизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто жана башталгыч мектеп, бала бакча, клуб, китепка­на бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бө­лүмдөрү, мейманкана, оорукана (бейтапканасы менен), дарыкана, мечит иштейт. Беш-Арал кору­гунун администрациясы да ушул кыштакта жай­гашкан. Кыштакка жакын Ыдырыс пайгамбар­дын күмбөзү сакталган.