ЖАҢЫ-АРАВАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:06, 22 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-АРАВАН – Ош облусунун Араван районун­дагы кыштак. Достук айыл округу­на караштуу. Кекилик-Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 840 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Араван кыштагынан 10 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 30 км. Кыштак 1921-жылы негиз­делген. Калкы 1969 (2025); негизинен дыйкан­чылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, маданият үйү, ФАП бар.