ЖАҢЫ-АКМАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:04, 22 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-АКМАН – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Акман айыл окру­гунун борбору. Базар-Коргон суу сактагычына жакын, деңиз деңгээлинен 740 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 12 км түштүк-чыгыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол беке­тинен 55 км. Кыштак 1956-жылы негизделген. Кал­кы 4069 (2025); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Башталгыч мектеп, ки­тепкана, клуб бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, тур­муш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ашка­на ж. б. иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.