ЗЕМАРХ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:18, 22 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕМА́РХ Киликиялык – Византиянын импе­ратору Юстин IIнин түрк каганына жиберген элчиси (568–569). Түрктөр Византиянын колдоосу менен Персияны алсыратып, Улуу Жибек жолун көзөмөлгө алууну көздөшкөн. Ошондуктан түрк каганы (552–576) Исте­ми (Менандр боюнча «Дизавул»; б. а. «жабгу» деген түрк титулунун бузулуп айтылышы) 568-жылы Константинополго согдиялык Маниах башында турган элчилигин жөнөтүп, эгер зарылчылык туулса перс жана авар урууларына каршы биргелешкен аскердик жүрүш жасоо тууралуу макулдашкан. Жооп катары 568-жылы августта римдиктер Маниах менен бирге өз элчилигин жөнөткөн. Ал элчиликти Византиянын чыгышындагы шаарлардын башчысы Земарх жетектеген. Алар Кавказ, Каспий деңи­зин айланып, Ак-Тоо (Эктаг) жакын Исте­ми кагандын кабыл алуусунда болушкан. Византиялык элчилердин максаты да түрктөрдү перстерге каршы үгүттөө болгон. Алар­дын ою орундалып, түрк каганы Земархты жанына алып перстерге каршы согушка аттанган. «Талас өлкөсү (hora)» деген жерде түрк каганына перс элчилери келген, бирок каган аларды жакшы кабыл алган эмес. Ка­ган Земархка «күң катары херхирлердин (кыр­гыздар) колго түшкөн кызын тартуулаган». Маниахтын көзү өтүп кеткенине байланыштуу Земарх кайта турган маалда Истеми каган аны менен Византияга Тагма деген башка элчисин жөнөткөн. Башка бул элчи тууралуу башка маалыматтар жолукпайт. Айрым тарыхчылардын пикиринде ал Маниахтын уулу болгон. Өз милдетин толук аткарган Земарх кайтып келгенден кийин көргөн-билгенде­ри тууралуу императоруна кенен эсеп-кысап берген.

Ад.: Византийские историки Дексипп, Эвнапий, Олимпиодор, Малх, Пётр Патрикий, Менандр, Кандид, Ноннос и Феофан Византиец /Пер. с греч. СПб., 1860; Источниковедение Кыргыз­стана. Б., 1996; 2-ое доп. изд. 2004; Жданович О. П. Посольство Земарха в ставку тюркского кагана (перевод и комментарии фрагментов труда Менандра Протектора). //Золотоордынское обозрение.  2014. № 2.

Т. Жуманалиев.