«КЫРЧЫН»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:16, 20 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРЧЫН» (1992-ж. чейин «Жаш Ленинчи») – көркөм-адабий балдар журналы. 1952-жылдан баштап чыга баштаган. Биринчи башкы редак­тору М. Жангазиев болгон. Журналдын макса­ты – балдар чыгармачылыгына басым жасоо.
Ошондой эле балдардын ден соолугуна, эстетикалык табитине, социалдык абалына көңүл бурулат. Совет доорунда журналдын тиражы 80 миңге чейин жетип турган. Учурда 3000–5000 нускада чыгат. Башкы редактору – Т. Нурманбетов.