«КЫРГЫЗСТАН» БАСМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:12, 20 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРГЫЗСТАН» БАСМАСЫ – Кыргызстандын мамлекеттик, коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, өндү­рүштүк-техникалык жана көркөм адабият басмасы. 1926-жылы. Кыргыз автоном областынын аткомунун чечими боюнча«Кыргызмамбас» (Кыргызстан мамлекетти бас­масы) деген ат менен уюшулган, ошол жылы бас­ма 65 миң нускада 26 китеп жана китепче чыгар­ган. Басмадан В. И. Лениндин төрт эмгеги кыр­гыз тилине которулуп чыгарылган.«Кыргызстан» басмасы аде­генде Элге билим берүү министрлигинин областтык бөлүмүнө, кийин Кыргыз Эл агартуу комисса­риатына, андан соң Кыргыз ССР ЭКСке баш ий­ген. 1945-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Сове­тинин Полиграфия жана басма боюнча башкарма­лыгына, 1964-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин Басма боюнча мамлекеттик комитетине, 1968 -жыл­дан Кыргыз ССР Маданият министрлигинин Поли­графия жана басма башкармалыгына, 1972 -жыл­дан Кыргыз ССР Министрлер Советинин Мам­басмакомуна караган. 1964 -жылы. «Кыргызстан» басмасы аталган. 1926–75 -жылы 157,7 млн нуска­да 24 242 китеп жана китепче чыгарылган. Мын­дай көрсөткүч 1991-жылга чейин улам өсүп турган. Басманын 8 редакциясы: коомдук-саясий адабият, экономикалык адабияттар, илимий-популярдуу жана өндүрүштүк техникалык адабияттар, көркөм котормо, исккусство адабияттары жана заказ алуу редакциясы болгон.«Кыргызстан» басмасы Эл достугу ордени менен сыйланган. Кийин «Акыл» акционердик коомуна айланып, 2006-жылга чейин иштеген.