КЫЯМ
КЫЯМ – мөмө-жемиштерден шекер кошулуп даярдалуучу таттуу азык. Кыям кожогат, дан куурай, карагат, четин жана чычырканак ашы, алма, алмурут, өрүк, шабдалы, чие, гилас, коон, сабиз, кайналы, жүзүм, апельсин, мандарин жана башкалардан кайнатылат. Кыям кайнатыш үчүн алмурут, шабдалы, өрүк, кожогат, кулпунай жана барсылдактын өтө быша элеги, ал эми кайналы менен чиенин бышканы жакшы. Өтө бышкан мөмө-жемиштен күндөлүк желе турган гана кыям кайнатылат. Кыям кайнатууну жалпысынан экиге бөлүүгө болот: бир жолу кайнатуу жана кайталап кайнатуу. Б и р ж о л у кайнатууда мөмө-жемиштер даяр болгонго чейин тынымсыз кайнатылат. К а й т а л а п кайнатууда мөмө-жемиштер бир нече жолу муздатылып, кайра кайнатылат. Кыям кайнатыла турган идиш жазы (жайпак), бирок өтө чуңкур болбош керек. Кыям консерва заводдорунда дат баспаган атайын казандарда, вакуум-аппараттарда, үйдө дат баспай турган болот чарага (сыйымдуулугу 2–6 кг) кайнатылат. Кыям кайнатууга толук муздатуу мезгилин кошкондо 1–5 күн кетет. Канттуулугу 65–70% кыям көпкө сакталат. Кандай гана мөмө-жемиштерден даярдалбасын, кыямдын курамында 45– 55% мөмө-жемиштер (салмагы боюнча), 68–70%дан кем эмес кургак зат (рефрактометр боюнча), 66–72% углевод (сахароза, глюкоза, фруктоза), 0,01%дан кем эмес күкүрт кислотасы жана башкалар болот. Кыямда коргошун тузу болбошу керек. Кыям салыштырма нымдуулугу 75%дан ашпаган кургак жерде сакталат.