КЫРК ЧОРОНУН КҮМБӨЗҮ
КЫРК ЧОРОНУН КҮМБӨЗҮ – XVI–XIX кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Кочкор районунда Дөң-Алыш айылынын түндүк-чыгыш чет жакасында жайгашкан. Чийки кыштан салынып, ичи оймо-чиймеленип кооздолгон 14 күмбөздөн турган. Төрткүл жана Семиз-Белдеги күмбөздөрдү да кырк чорого байланыштырышат. Жалпы көрүнүшү тик бурчтуу жана чарчы түрүндө. Порталдары бышык курулуп, үстү кумпалуу жабылган. Уламыштарда бул күмбөздөрдө Манастын кырк чоросунун сөөгү коюлган делет. Бул күмбөздөрдүн уландысы Ак-Чий көрүстөндөрү деп аталат.

Учурда Семиз-Белде гана жалгыз күмбөз сакталып калган. 1949-жылы археологдор А. Н. Бернштам жана Д. Ф. Винник изилдеген.