КЫРГЫЗСТАН КОМПОЗИТОРЛОР СОЮЗУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:51, 16 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗСТАН КОМПОЗИТОРЛОР СОЮЗУ – композиторлор менен музыка таануучуларды би­риктирген ыктыярдуу коомдук чыгармачыл уюм. 1939-жылы уюшулган. Негизги милдети – эли­биздин музыкалык маданиятынын ар тараптан өсүшүнө көмөк көрсөтүү менен анын терең идеалдуулугуна жана көркөмдүгүнө көз салуу, музыкалык кадрларды чыгармачылык жактан тарбиялап, алардын кесипкөй чеберчилигинин өсүшүнө жардам көрсөтүү. Кыргызстан композиторлор союзунун иш-аракеттери компози­торлордун жаңы чыгармаларына талкуу уюш­туруп, аны угуучуларга жайылтууга, эмгекчи­лер менен чыгармачылык жолугушууларды өткөрүп, элди эстетикалык жактан тарбиялоого багытталган.
Союздун жогорку жетекчи органы – съезд. Ат­каруучу органы – башкарма, ал жылына 1–2 жолу пленум өткөрүп, өзүнүн курамына пленум аралыгында чыгармачылык жана практикалык ишти жетектөөчү секретариатты шайлайт. Кыргызстан композиторлор союзунун өткөн съезддери: 1-съезди, 1948-жылы октябрда, 10-съезди , 2004-жылы июнда өткөн. Кыргызстан композиторлор союзунун Башкармасынын төрагалары – А. Малдыбаев, М. Абдраев, К. Молдобасанов, С. Осмонов, С. Субаналиев, К. Асанбаев 2009-жылдан Т. Чо­киев иштеген.