КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АРТИСТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:31, 16 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АРТИСТИ – ардак наам. 1991-жылга чейин Кыргыз ССРи­нин эл артисти. 1939-жылдын 10-январындагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиуму­нун указы менен бекитилген. 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Пре­зидентинин жарлыгы менен берилет. Ал Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наам­дарына татыктуу болгон, улуттук элдик жана кесиптик көп тармактуу искусствонун өнүгү­шүнө өзгөчө салым кошкон ырчыларга, комуз­чуларга, композиторлорго, драматургдарга, фи­лармониянын, театрлардын, кино, эстрада, цирк артисттерине, режиссёрлоруна жана башкаларга бе­рилет.