КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТОКТОГУЛ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:27, 16 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТОКТО-ГУЛ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫГЫ – адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байытууга жана жакындаштырууга чоң салым кошкон, эсте­тикалык жана тарбиялык таасири күчтүү, ошондой эле коомго кеңири таанылган мыкты чыгармалар үчүн эки жылда бир жолу ыйгарылуучу сый­лык. Алгач Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1966-жылдын 20-оябрдагы токтому менен «Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы» болуп бекитилген, кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-январында­гы токтому менен «Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы» болуп өзгөртүлгөн. Мамлекеттик сыйлыкка тарбиялык мааниси мыкты, көркөмдүк баасы жогору чыгармаларды жарат­кан адамдар көрсөтүлөт. Сыйлык жеке адамга, ошондой эле авторлор жамаатына да ыйгарылышы мүмкүн. Сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгарма акыр­кы үч жылда, бирок сыйлыкты кезектеги ый­гарууга чейин кеминде бир жыл мурда жарыя­ланган (эл алдында аткарылган, көрсөтүлгөн, курулган) болууга тийиш. Сыйлыкка көрсөтүл­гөн чыгармаларды Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана арх­итектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык­тары боюнча комитет карап, чечим чыгаргандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Президентке бекитүү үчүн жөнөтөт. Мамлекеттик сыйлыкты алган адамдарга «Кыргыз Рес­публикасынын Токтогул атындагы мамлекет­тик сыйлыгынын лауреаты» деген наам менен бир­ге ыйгарылат, акчалай сыйлык, диплом, ардак белги жаеа лауреаттык күбөлүгү тапшырылат. Ардак белги көкүрөктүн оң жагына ордендер менен медалдардын, чет мамлекеттердин бардык ардак белгилеринен өйдө тагылат.