«КЫРГЫЗСТАН» БАСМАСЫ
«КЫРГЫЗСТАН» БАСМАСЫ – Кыргызстандын
мамлекеттик, коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, өндүрүштүк-техникалык жана көркөм адабият басмасы. 1926 -жылы. Кыргыз автоном обл-нын аткомунун чечими б-ча «Кыргызмамбас» (Кыргызстан мамл. басмасы) деген ат менен уюшулган, ошол жылы басма 65 миң нускада 26 китеп жана китепче чыгарган. Басмадан В. И. Лениндин төрт эмгеги кыргыз тилине которулуп чыгарылган. «К.» б. адегенде Элге билим берүү министрлигинин обл. бөлүмүнө, кийин Кыргыз Эл агартуу комиссариатына, андан соң Кыргыз ССР ЭКСке баш ийген. 1945 -жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин Полиграфия жана басма б-ча башкармалыгына, 1964 -жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин Басма б-ча мамл. к-тине, 1968 -жылдан Кыргыз ССР Мад-т министрлигинин Полиграфия жана басма башкармалыгына, 1972 -жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин Мамбасмакомуна караган. 1964 -жылы. «Кыргызстан»
басмасы аталган. 1926–75 -жылы. 157,7 млн нускада 24 242 китеп жана китепче чыгарылган. Мындай көрсөткүч 1991 -жылы. чейин улам өсүп турган. Басманын 8 редакциясы: коомдук-саясий ад-т, экон. ад-ттар, ил.-популярдуу жана өндүрүштүк тех. ад-ттар, көркөм котормо, иск-во ад-ттары жана заказ алуу редакциясы болгон. «К.» б. Эл достугу ордени менен сыйланган. Кийин «Акыл» акционердик коомуна айланып, 2006 -жылы. чейин иштеген.