КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТЫНА ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕР
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТЫНА ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕР – ардактуу наам. 1991-жылга чейин Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1954-жылдын 30-ноябрындагы жана 1968-жылдын 15-майындагы жарлыктары менен бекитилген. Жогорку билими бар, адистиги боюнча кеминде 15 жыл маданиятты өнүктүрүүдө, дене тарбия жана спорт, маданият сарайларында, үйлөрүндө, клубдарда иштегендерге, өздүк көркөм чыгармачылыктын катышуучуларына, эл чыгармачылык үйлөрүнүн, газета-журналдардын, басмалардын, китепканалардын, кинематографиянын, окуу жайлардын жана башка кызматкерлерине берилет.