ЖАТАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:04, 15 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАТАН – Ош облусунун Ноокат районундагы кыш­так. Т. Зулпуев атындагы айыл округуна караштуу. Кыр-Кол суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1250 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 5 км түндүк-чыгыш тарапта. Ош темир жол беке­тинен 35 км. Калкы 2471 (2022); негизинен дый­канчылыкта эмгектенип, мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана бар. ФАП иштейт.