КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ЖАШТАР ЖАНА ЖЕТКИНЧЕКТЕР ТЕАТРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:53, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ЖАШТАР ЖАНА ЖЕТКИНЧЕКТЕР ТЕАТРЫ Б. К ы д ы к е е в а а т ы н д а. 1989-жылы Бишкекте уюшулган. Туңгуч ди­ректору Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер И. Тө­көлдөшев болгон. Алгачкы артисттери Москва­дагы М. С. Щепкин атындагы театр институтунун бүтүрүү­чүлөрү болушкан.

Театр драматург Ж. Cады­ковдун «Эр Төштүк» (режиссёру Б. Абдылдаев) дра­масы менен ачылган. 2004-жылы Б. Кыдыкееванын ысмы берилген. Театрда кыргыз драматургда­рынын жана чет өлкөлүк классиктердин чыгар­малары коюлууда (Б. Жакиевдин «Алтын аяк», Н. Жүндүбаеванын «Кыз Cайкалдын арманы», Ж. Өзүбекованын «Cаргайган күндөлүк», Ч. Ка­лыбекованын «Мен да бактылуу болгум келет», Ж. Кулманбетовдун «Талант жана тагдыр», «Чыңгыз менен Бүбүсара», Б. Өмүралиевдин «Найман эне», У. Шекспирдин «Жайкы күндө көргөн түш», C. Ахмеддин «Күйөө бала» жана башкалар). Труппада Т. Турсунбаева, К. Медетбеков, Б. Кы­дыкеева, Б. Алиев, Б. Бейшеналиев, Н. Мам­бетова, Д. Байтөбөтов, А. Cарлыкбеков, К. Атам­кулова, К. Осмонов, Г. Ташматова, Ш. Касы­малиева жана башкалар эмгектенишкен. Кийинки муун­дун өкүлдөрү: Ч. Калыбекова, Т. Мамытов, Р. Курманалиев, А. Эсеналиева, Н. Аскарбек кызы, А. Темирова. Театр жыл сайын талант­туу жаштар менен толукталып турат.