КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:49, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ К. О р о з о в а т ы н д а – музыкалык коллектив. 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филар­мониясында Кыргыз эл аспаптар оркестри де­ген ат менен уюшулган. 1961-жылы К. Орозовдун ысмы берилген. Кырыгз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген коллек­тив. Оркестр добуштарынын угумдуулугу жак­шыртылган, мүмкүнчүлүгү кеңейтилген кыл кыяк-прима, кыл кыяк-альт, кыл кыяк-бас жана кыл кыяк-контрабас, комуз-прима, комуз-­секунда, комуз-альт, комуз-бас жана добулбастан турат, оркестрге, ошондой эле гобой, флейта, фагот, англ. рожок, бас-кларнет, флейта-пикколо жана төрт кылдуу домбра-тенор, биринчи, экинчи партиядагы домбра-прима жана башка аспаптар кош­толуп ойнолот. Оркестрдеги кыргыз эл аспап­тары (комуз, кыл кыяк) биринчи жолу 1935-, 1938–1940-, 1952–1953-жылдары жакшыртылган. Оркестр­де темир комуз да пайдаланылат. Оркестрдин уюштуруучусу жана алгачкы көркөм жетекчиси, башкы дирижёру (1936–1949) композитор П. Ф. Шубин, туңгуч аткаруучулары Муратаалы, Карамолдо, Чалагыз, Молдобасан, Калык, Ыбырай, Осмон­кул, Атай, Муса сыяктуу залкар комузчулар болгон. Алар чыгармаларды нотанын жардамы­сыз (угуу менен) ойношкон. Оркестрдин биринчи көрсөтмө-сыноо концерти 1936-жылы 18-майда Фрунзеде комузчулар Карамолдо, Молдобасан, ырчылар Абдылас, Муса, А. Боталиев, А. Кут­тубаеванын жана музыкалык драма театрынын хору­нун катышуусу менен өткөн. Концертте Атайдын «Эсимде», Муратаалынын «Ботой», Абдыластын «Кызыл атчандар» жана башка ыр-күүлөр аткарылган. Оркестр 1939-, 1958-жылдары кыргыз искусствосунун Москвада өткөн он күндүктөрүнө, Орто Азия республика­ларынын жана Казакстандын биринчи (Фрунзе, 1942), экинчи Ташкент (1943) музыкалык он күндүк­төрүнө катышкан. 1940-жылдарда С. Медетов, К. Молдобасанов, Н. Давлесов өңдүү таланттуу жаштар менен толукталган. Оркестрде ар кай­сы жылдарда Ш. Шеркулов, Б. Кулболдиев, Б. Эгинчиев, А. Эшмамбетов, М. Козубекова, Т. Карымшаков, К. Үкүбаев, Б. Жандаров, А. Аса­кеев, Ч. Исабаев, Ж. Кыпчаков, Р. Мадварова, К. Кадыралиев, С. Токтакунова жана башка белгилүү музыканттар ойногон. Оркестрдин коштоосун­да С. Кийизбаева, С. Бекмуратова, А. Мырза­баев, С. Токтоналиев, Г. Валиулина, С. Суран­чиева, Г. Момушева, З. Шакеева, кийинки жыл­дары А. Ибраев, У. Полотов, Э. Мойдунов, Д. Жалгасынова жана башка ырчылар ырдаган, азыр К. Турапов, М. Дүйшөкеева, Т. Исабекова, Б. Бай­келова, Т. Черикчиева, Г. Байзакова, Ч. Төрөбе­ков, С. Балтаева жана башкалар ырдашат. Курамындагы аткаруучулар (60) негизинен музыкалык окуу жайла­рын жана Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бү­түргөн. Оркестр кыргыз композиторлорунун ыр­-күүлөрүн, ошондой эле дүйнөлүк классиктердин чыгар­маларын аткарат. 1967-жылы оркестрдин коллек­тиви профессионал коллективдердин бүткүл союздук кароосунун лауреаты деген наамды же­ңип алган. Түркия, Кытай, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүндө жана башкаларда гастролдо болгон. Оркестрдин башкы ди­рижёрлору: Ш. Орозов, А. Аманбаев, Ф. Наза­ров, Ш. Аралбаев, Б. Феферман, Н. Давлесов, А. Жумакматов, Э. Жумабаев, С. Жумалиев, Т. Томотоев, Б. Тилегенов, 2005-жылдан С. Ак­маталиев. Б. Алагушов.