«КЫРГЫЗСТАН МАДАНИЯТЫ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:30, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРГЫЗСТАН МАДАНИЯТЫ» – маданий мен­чик басылма. Кыргызстан Жазуучулар союзу менен мурдагы Кыргыз ССР Маданият министрлигинин органы катары 1967-жылы январда уюштурулуп, жумасына бир жолу чыгып келген. «Кыргызстан маданиятына» адабият таануу, адабий сын, драматургия, кино, му­зыка, сүрөт, архитектура, элдик көркөм чыгармачылык, тил илими жана башка тармактар боюнча макалалар, изил­дөөлөр жарыяланган. Ошондой эле коомдук турмуш, философия, социология, экономика, илим-тех­никанын маанилүү маселелери да кеңири чагыл­дырылган. Газета калкты идеялык, эстетика­лык, ыймандык жактан тарбиялоого да көңүл бөлгөн. 1977-жылы «Кыргызстан маданиятынын» нускасы 50 миң нуска болсо, 1988-жылы 60 миңге чейин жеткен. 1991-жылдан мезгил-мезгили менен жарык көрүп турат.