КӨНӨК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨНӨК - төөнун терисинен ышталып, кепте­лип (к. Кептөө) жасалган көн идиш. Ага бээ саап, кымыз куят. Чакан көнөктун сыйымдуулугу 10-12 лге барабар. Туп жагы оозунан бир аз кеңири келип, чоргосу 17-20 смдей, бийикт.иги 25-30 см, диаметри 25-30 смдей. Көнөктун оозуна 3-4 смдей жыгач алкак кою­луп, кайрылып тигилип, эки жа­гынан эшилген же өрулгөн жоон кылдан боо тагы­лат. Көнөктун чорго­сунун ички жоон, тубунө кыл чыпка

коюлуп, андан саалган сүт өткөн. Суттун, кы­мыздын даамы көнөктө бузулбай сакталган. Ыш­талып, жакшы колдонулган көнөк көпкө чыдаган. Көнөктун сыртына, алкагына, чоргосуна оймо-чий­ме тушурулуп, кээде алкагына жана боо байлан­чу жерине жез, кумуш, купалар да чөгөрулгөн. Учурда көнөк сейрек кездешет.