КӨМӨЧ
КӨМӨЧ - көмөч казанга жабылып, оттун чогуна көмүлүп бышырылган нан (к. Көмөч казан). Көмөчтүн бир нече түрү бар. Жумуртка, пияз кошулуп, сүткө жуурулган камырды (ачыган) жука жайып, бетине туурамжы (майдаланган сулп эт, ич май, пияз, сарымсак жана башка татымалдар) салып, үстүнө дагы бир кабат жука жайылган камырды беттеп жаап, четтерин бекитип, аны көмөч казанга жаап, бышканча чокко көөмп коёт. Мындай көмөч. каттама көмөч, курамында ич май болсо, май көмөч., жүгөрүнүн загырасы кошулса, загыра көмөч, пияз аралашса пияз көмөч деп аталат.