КӨЗ БООЧУ
КӨЗ БООЧУ (фокусчу– иллюзионист) – көрүүчүнүн көңүлүн алаксытып, чыныгы нерсени бурмалап ишендирүүгө машыккан эстрада жана цирк артисти. Ар кандай буюмдарды көз көрүнөө жок кылып же жоктон бар кылып, «таң каларлык» кубулуштардын пайда болуусуна ишендирүү үчүн алар көбүнчө байкалбаган кыймыл-аракет жасап, айрым учурда татаал аппараттарды жана механизмдерди пайдаланышат. Көз боочулардын айрым номерлери химия, физика мыйзамдарынын жардамы менен көптөгөн адам, айбанат катышкан театрлашкан программа түрүндө да көрсөтүлөт. Көрүнүктүү орус көз боочулары: Э. Кио, А. Акопян, Кыргызстаннда Ф. Мукушева.