КОШОЙ-КОРГОН ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:43, 13 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "КОШОЙ-КОРГОН ШААР КАЛДЫГЫ – IX–XII кылымдарга таандык шаар калдыгы. Ат-Башы өрөөнүн­дөгү Кара-Суу айылынын түштүк-чыгышында Кара-Коюн суусунун сол өйүзүндө жайгашкан. Жергиликтүү элдин айтымында, бул эстелик «Манас» эпосундагы Кошой баатырдын коргону болгон....") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШОЙ-КОРГОН ШААР КАЛДЫГЫ – IX–XII кылымдарга таандык шаар калдыгы. Ат-Башы өрөөнүн­дөгү Кара-Суу айылынын түштүк-чыгышында Кара-Коюн суусунун сол өйүзүндө жайгашкан. Жергиликтүү элдин айтымында, бул эстелик «Манас» эпосундагы Кошой баатырдын коргону болгон. Айрым изилдөөчүлөр байыркы Атбаш шаарынын калдыгы деп эсептешет. Эстелик тик бурчтуу түзүлүштөгү чептен туруп, дубал менен курчалган. Дубалдын каптал жактары түш., түн., чыгыш, батыш багытына дал келип, ылай сокмодон ж-а бышырылган кыштан тургузулган, бийикт. link=Файл:КОШОЙ-КОРГОН_КӨРҮСТӨНҮ11.png|thumb|Кошой-Коргон. 4–8 м, кароол мунаралар орнотулган. Дубал айланта жазылыгы 11–14 м, тереңдиги 3 м кел­ген аңдар м-н курчалып, коргондун чыгыш ж-а түш. тарабы 1500 м узундуктагы кошумча ду­бал тосмолор м-н бекемделген. Турак жай ж-а чарбалык мүнөздөгү кол өнөрчүлөрдүн устака­наларынан, бөлмөлөрдөн жез эритүүчү мештер, көөрүк, карапа идиш-аяктар, тыйын, жаргыл­чак, жаа-жебе, бычак, шурулар, кемер курдун тоголору, чоподон жасалган ар кандай буюм­тайымдар табылган. Шаар калдыгы Ч. Вали­хановдун, В. В. Бартольддун эмгектеринде эс­керилет. А. Н. Бернштам, М. И. Москалёв ж-а М. Н. Фёдоров изилдеген. 2007-ж. Түш.-чыгыш капталына музей ачылган.