КОРЯК ТИЛИ
КОРЯ́К ТИЛИ , н ы м ы л а н т и л и – коряктардын тили. Чукот-камчатка тил тобуна кирет. Чавчувен, парен, иткан, камен, апукин, палан жана карагин диалектилерине бөлүнөт.
Коряк тили – агглютинациялама тил. Коряк тилинин жазуусу адегенде латын (1931) тилинде түзүлүп, 1936- жылдан орус графикасына өткөн.