КАСЫМБЕКОВ Санжар

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:01, 13 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСЫМБЕКОВ Санжар (1902–1924) –

Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу үчүн жигердүү күрөшүү­чүлөрдөн. М. Ф. Касымбе­ковдун уулу. 1917-жылы май айынан революциячыл ишке ка­тышкан. Анжиян мусулман жумушчулар м-н чайрыкер­лер кеңешинин аткомунда (1918, июнь), РКП(б)нин Ош шааркомунда (1918, август), Түркстан крайкомунда (1918, декабрь) иштеген. 1919-жылы октябрдан РКП(б)нин Ош шаардык мусулман уюмунун төрагасы­нын орун басары, 1920-жылы февралдан Ош уезд­дик шааркомунун төрагасы болуп иштеген. Ан­жиянда Совет бийлигин орнотууга, Ташкентте­ги контрреволюциячыл козголоңду басууга, Закаспий фронтундагы согушка катышкан. 1920-жылдан Түркстан фронтунун бүткүл россиялык дыйкан­дар жана токойчулар союзунун Самарканд обко­мунун төрагасы болуп иштеген. Басмачылар өлтүргөн.