КАЛПАК БААТЫР
КАЛПАК БААТЫР Стамбек уулу (болжол менен 1805-1847, Мазарлуу Кара-Суу, азыркы Кант шаарына жакын) – казактар менен согушта (кара: Кенесары хандын чапкыны) эрдик көрсөткөн баатырлардын бири. Казактар келип, капысынан Калпактын айылын курчап калганда, чөгөрүлгөн төөлөргө жашынып, аларды аткылап, айылга жолотпой турган. Инилери Мамбет, Түлөкабылдар менен казактардын чабуулун үч жолу кайрып, куйган огу түгөнгөндө, мылтыгына кыз-келиндердин шуру-мончокторун салып аткылаган. Бетине жабышып калган шуру экенин билип калган казактар күн чыга жапырт ат коюп, айылга кирип келген. Бул согушта 18 жаштагы Мамбет менен Калпак баатырдын 28 үй-бүлө мүчөсү, жакын тууганы Субанбек кошо өлгөн. Түлөкабыл казакты аралай чаап кутулуп кеткен. 19 жеринен ок жеп, жарадар болгон Калпак баатырды казактар кылычтап өлтүрүп, сөөгүн төөнүн үстүнө жайып кетишкен. Оозеки фольклорлордо Калпак баатырдын эрдиги жөнүндө көптөгөн аңыз кептер айтылып калган.
Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993; Эсенкул Төрөкан уулу. Кыргыздын кыскача санжырасы. Т. 1. Б., 1995.
Э. Турганбаев.