КЫЗЫЛ КАРЫШКЫР
КЫЗЫЛ КАРЫШКЫР (Cuon alpinus) – карышкырлар тукумундагы жырткыч сүт эмүүчү. Дене узундугу 100 смдей, куйругу 50 смге, салмагы 14–21 кгга жетет. Карышкырдан айырмасы астынкы жаагында азуу тиши жок. Өңү саргыч кызыл, боор жагы жонунан ачыгыраак. Кызыл карышкыр көбүнчө бийик тоо алкактарын мекендейт. Бир орунда турбастан, ооп жашаган жаныбар. Күндүз активдүү. Ири жаныбарлар м-н азыктанат.
Ал 1 жылда 1 жолу 3–9га че-

йин, көбүнчө 5тен бөлтүрүк тууйт. Кызыл карышкыр эң сейрек кездешүүчү жаныбар болгондуктан, ТКЭСтин ж-а К ыргызстандын Кызыл китебине катталган.