ГАСФОРД Густав Христианович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:59, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАСФОРД (Гасфорд, Гасфорд) Густав (Густав-Кристоф фон) Христианович [01 (12). 04. 1794, Польша Падышалыгы, Белосток аймагы – 05 (17). 05. 1874, Россия империясы, Санкт-Петербург] – Жети-Суу аймагы, а. и. Түндүк Кыргызстанды Россия империясынын колониясына айландыруу саясатын ишке ашыруучулардын бири, орус армиясынын жөө аскерлер генералы (1853), Батыш Сибирдин генерал-губернатору (29. 01. 1851 – 13. 01. 1861). Алгач Кенигсберг (азыркы Калининград) шаарындагы Жогорку ветеринардык мектепте окуп, 1810-жылы Санкт-Петербург темир жол инженерлер корпусунун институтуна кирип, 1811-жылдан прапорщик, 1812-жылы лейтенант наамына жеткен жана 1833-жылдан Россия империясынын жарандыгын кабыл алган. Император Николай Iнин  (1825–1855) 19. 12. 1850-жылдагы  буйругуна ылайык алгач Батыш Сибирдин генерал-губернаторунун милдетин аткаруучу жана Өзүнчө Сибирь корпусунун командири болуп дайындалган. 1851/2-жылдын кыш айларында Ормон хан айлы менен Иле дарыясынын жээги, Үч-Алматы ченден конуш алышына байланыштуу (кара: Ормон хандын Илеге көчүшү) 1852-жылдын февраль айында падыша Николай Iге кайрылып, Иле дарыясынын сол жээгин ээлөө зарылдыгы жөнүндө билдирген, бирок, бул сунушу кабыл алынган эмес. Ага карабай Иле дарыясынын сол жээги, Чүй суусунун баш жагындагы аймактарды колонияга айландыруу үчүн административдик жаңы реформаларды жүргүзүп, Жети-Суу аймагына казак-орустардын станицаларын курууну баштаган. 1854-жылы 19-майда «Семей (Семипалатинск) облусун түзүү» жөнүндө жобо бекилип, Аягөз тышкы округу менен Иле дарыясынын эки жээгин бириктирген Капал жаңы аскер округу анын карамагына берилген. 1855-жылы 17-январда бугу уруусунун Россия империясынын букаралагына өтүшү менен аймакты каратуу жаңданган. 1856-жылы Аскер министрлигине караштуу «өзгөчө Ала-Тоо округу түзүү» сунушталып (кара: Ала-Тоо округу), 1856-жылы 3-ноябрда Сенат Иле дарыясынын батышын кошо камтыган жаңы, «өзгөчө Ала-Тоо округун ачуу тууралуу» жобо кабыл алган. 1855-жылы Чоң-Алматы, Кара-Булак станицалары курулуп, казак-орустарды отурукташтыруу башталган. 1856-жылдын аягында Г. Гасфордт Жети-Суу жана Иленин батышын колонизациялоону андан ары улантуу үчүн Сибирь казак-орус аскерлерин, сибирдик дыйкандар жана сүргүндө жүргөндөрдү Жети-Сууга жайгаштыруу тууралуу жаңы сунуштарды киргизген. 1858-жылы Софийская (Талгар), Надеждинская (Эшик); 1860-жылы Кашкелен (Любовный) станицалары курулган. 1858-жылга карай Верный чебинин айланасына казак-орустардын 242 үй-бүлөсү көчүрүлүп келинип, Чоң-Алматы жана Кичи-Алматы станицаларына куралчан 600 казак-орус жайгаштырылган. Орус императорунун колу коюлган жобо боюнча жергиликтүү калк казак-орустар турган станица, айыл-кыштак, чоң жолдордон он чакырым обочо турууга тийиш болгон. П. Семенов-Тян-Шанский аны «өзгөчө инсан» катары «губернатор бюрократ да, майдачыл да эмес», бирок анын административдик жөндөмдүүлүгү өтө начар экенин белгилеген. Аскер кызматчысы М. Венюков аны оюна келгенин кыла берген адам катары баалаган. Батыш Сибирди башкарып турган учурда Г Х. Гасфорд Ыйык Александр Невский (1854), 1-даражадагы Ыйык Владимир (1860) ордендери менен сыйланып, 19. 01. 1861-жылы Мамлекеттик Кеңештин мүчөлүгүнө дайындалган.

Ад.: Семенов-Тян-Шанский П. П. Путешествие в Тянь-Шань. 1856–1857. М., 1958; Вибе П. П. К характеристике западносибирских генерал-губернаторов //Областная научно-практическая конференция  посвященная 275-летию Омска. Омск, 1991; Ремнев А.В. Самодержавие и Сибирь. Административная политика первой половины XIX в. Омск, 1995.