КЫЯМАТ
КЫЯМАТ , к ы я м а т к а й ы м – диний түшүнүк б-ча жер астын-үстүн аңтарылып, жашоо (тирилик) бүтүп, акыр заман болуучу мезгил. Исламда К. учурунда дини башкалар, мусулмандардын күнөөгө баткандары тозокко түшүп, мусулмандардын «такыбалары» бейишке чыгат деп айтылат.