КЫЯМ
КЫЯМ – мөмө-жемиштерден шекер кошулуп
даярдалуучу таттуу азык. К. кожогат, дан куурай, карагат, четин ж-а чычырканак ашы, алма,
алмурут, өрүк, шабдалы, чие, гилас, коон, сабиз, кайналы, жүзүм, апельсин, мандарин ж. б-дан кайнатылат. К. кайнатыш үчүн алмурут, шабдалы, өрүк, кожогат, кулпунай ж-а барсылдактын өтө быша элеги, ал эми кайналы м-н чиенин бышканы жакшы. Өтө бышкан мөмө-жемиштен күндөлүк желе турган гана К. кайнатылат. К. кайнатууну жалпысынан экиге бөлүүгө болот: бир жолу кайнатуу ж-а кайталап кайнатуу. Б и р ж о л у кайнатууда мөмө-жемиштер даяр болгонго чейин тынымсыз кайнатылат. К а й т а л а п кайнатууда мөмө-жемиштер бир нече жолу муздатылып, кайра кайнатылат. К. кайнатыла турган идиш жазы (жайпак), бирок өтө чуңкур болбош керек. К. консерва з-ддорунда дат баспаган атайын казандарда, вакуум-аппараттарда, үйдө дат баспай турган болот чарага (сыйымдуулугу 2–6 кг) кайнатылат. К. кайнатууга толук муздатуу мезгилин кошкондо 1–5 күн кетет. Канттуулугу 65–70% К. көпкө сакталат. Кандай гана мөмө-жемиштерден даярдалбасын, К-дын курамында 45– 55% мөмө-жемиштер (салмагы б-ча), 68–70%тен кем эмес кургак зат (рефрактометр б-ча), 66– 72% углевод (сахароза, глюкоза, фруктоза), 0,01%тен кем эмес күкүрт к-тасы ж. б. болот. К-да коргошун тузу болбошу керек. К. салыштырма нымдуулугу 75%тен ашпаган кургак жерде сакталат.