КЫШТЫМДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫШТЫМДАР – Саян-Алтай ж-а Түш. Сибир­де жашаган уруулар. Орус маалыматтары б-ча К. 17–18-к-да кыргыздарга көз каранды (к. Ени­сей кыргыздары), «түбөлүк кул», «укуксуз адам­дар» болушкан. «Худуд ал-Аламда» кезиккен кыргыз урууларынын бири «кесимдер» (В. Ф. Минорский б-ча «кештим») К. болушу мүмкүн деген да пикирлер бар. К. кыргыздарга салык (аң-тери, темир шаймандары, курал-жарак ж-а тамак-аш азыктарынан) төлөп турган. Улус башкарган айрым кыргыз бектеринин кол ал­дында 500дөн 1000ге чейин К. болгон. Кыргыз­дар аларды коргоп, телеут, бурят, орус ж. б. м-н кагылышууларга барган. К. негизинен Обь д-нын бассейни Томь, Кондома, Мрас-Суу суу­лары ж-а Кузнецк Ала-Тоосунун токойлуу өрөөндөрү, Түн. Алтайдын Төлөс көлүнө чейин­ки аймакты ээлеген.