КЫРТЫШТЫН ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК КЛАССИФИКАЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРТЫШТЫН ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК КЛАССИФИКАЦИЯСЫ – топурак кырты­шынын ж-а бардык тоо тектердин инж.-геол. жиктелиши. Жалпы, региондук, тармактык, жекече түрлөргө бөлүнөт. 1957-жылдагы жик­телиши б-ча м о н о л и т т ү ү (аска-зоокалуу) ж-а к е с е к т а л к а л а н г а н б ө л ү к ч ө деген түрлөрдөн турат. Монолит – бек, нык, бышык, бузулбаган, талкаланбаган тектер. Кристаллдык же камдашкан түзүлүшкө ээ. Тал­каланган тектер борпоң, көзөнөкчөлүү, байла­ныштары жок. Магмалык (гранит, диорит, ба­зальт), метаморфизмделген (гнейс, кварцит, мрамор), кээ бир чөкмө тектер (кумдук, конгло­мерат ж. б.) монолиттүү түзүлүшкө ээ. Талка­ланган тектерге шагыл, кум, чопо кирет. Ар кандай белгилерине жараша мындай классифи­кация өз ичинен бир нече топторго ж-а түрлөргө бөлүнөт.