КЫРТЫШТЫН ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК КЛАССИФИКАЦИЯСЫ
КЫРТЫШТЫН ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК КЛАССИФИКАЦИЯСЫ – топурак кыртышынын ж-а бардык тоо тектердин инж.-геол. жиктелиши. Жалпы, региондук, тармактык, жекече түрлөргө бөлүнөт. 1957-жылдагы жиктелиши б-ча м о н о л и т т ү ү (аска-зоокалуу) ж-а к е с е к т а л к а л а н г а н б ө л ү к ч ө деген түрлөрдөн турат. Монолит – бек, нык, бышык, бузулбаган, талкаланбаган тектер. Кристаллдык же камдашкан түзүлүшкө ээ. Талкаланган тектер борпоң, көзөнөкчөлүү, байланыштары жок. Магмалык (гранит, диорит, базальт), метаморфизмделген (гнейс, кварцит, мрамор), кээ бир чөкмө тектер (кумдук, конгломерат ж. б.) монолиттүү түзүлүшкө ээ. Талкаланган тектерге шагыл, кум, чопо кирет. Ар кандай белгилерине жараша мындай классификация өз ичинен бир нече топторго ж-а түрлөргө бөлүнөт.