КЫРТЫШ ТААНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРТЫШ ТААНУУ – кыртыш (грунт) ж-дөгү илим; инженердик геология илиминин бир тар­магы. Кыртыштын пайда болушун, орун алы­шын, түзүлүшүн, өзгөрүшүн, курамын, физ. ка­сиеттерин (чөгүшү, көбүшү, басымы, темп-расы, механикасы, массасы, көлөмү, тыгыздыгы, кө­зөнөктүүлүгү, ийилиши, чоюлушу, суу өткөргүч­түгү, жылмышуусу, тайышы, орун которушу, кыймыл-аракети, каршылык көрсөтүшү, электр тогун өткөрүшү, бекемдиги, ныктыгы) изилдейт.