КЫРК ЧОРОНУН КҮМБӨЗҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРК ЧОРОНУН КҮМБӨЗҮ – 16–19-к-га таан­дык археол. эстелик. Кочкор р-нунда Дөң-Алыш айылынын түн.-чыгыш чет жакасында жайгаш­кан. Чийки кыштан салынып, ичи оймо-чий­меленип кооздолгон 14 күмбөздөн турган. Төрткүл ж-а Семиз-Белдеги күмбөздөрдү да кырк чорого байланыштырышат. Жалпы көрүнүшү тик бурчтуу ж-а чарчы түрүндө. Порталдары бы­шык курулуп, үстү кумпалуу жабылган. Ула­мыштарда бул күмбөздөрдө Манастын кырк чо­росунун сөөгү коюлган делет. Бул күмбөздөрдүн уландысы Ак-Чий көрүстөндөрү деп аталат.



Семиз-Белдеги күмбөз.

Учурда Семиз-Белде гана жалгыз күмбөз сакта­лып калган. 1949-ж. археологдор А. Н. Бернш­там ж-а Д. Ф. Винник изилдеген.