КЫРГЫЗ ЭЛ КОМИССАРЛАР ЧОКУСУ
КЫРГЫЗ ЭЛ КОМИССАРЛАР ЧОКУСУ – Борб.
Теңир-Тоодогу Ак-Шыйрак кырка тоосунун эң бийик жери. Пирамида сымал. Бийикт. 5125 м. Палеозойдун сланец, мрамор, акиташ, гранит тоотектеринен турат. Үстүн муз текши каптап, капталдарынан түн.-батышка Сары-Төр, Борду, батышка Түн. Кара-Сай өрөөн мөңгүлөрү түшөт.
Чокуга биринчи 1932-ж. А. А. Летавет жетекчилик кылган Москва илимпоздор үйүнүн альпинисттери чыккан.