«КЫРГЫЗ ФИЛЬМ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРГЫЗФИЛЬМ» Т. О к е е в а т н. – улуттук киностудия. 1939-ж. Фрунзеде кинохрониканын кабарчылык пункту катары уюшулган. 1941-ж. Фрунзе кинохроника студиясы аталып, 1951-ж. хроникалык-документалдык фильмдер киносту­диясына, 1956-ж. документалдык ж-а көркөм фильмдер киностудиясына айланган (бир катар көркөм фильмдер «Мосфильм», «Ленфильм, «Ка­закфильм» киностудиялары м-н биргеликте тар­тылган). 1957-ж. киностудиянын ө. ж. базасы кеңейтилип, айрым цехтер кайра конструкция­ланган. 1961-жылдан азыркы аталышында. 1974-жылдан «Көрөгөч» сатиралык киножурна­лы чыккан. 1977-ж. «Хроника» чыг-лык бирик-

меси түзүлгөн, анда мультфильмдердин тех. өн­дүрүшү негизделген. Студия бир жылда 3 көр­көм фильм, 1 телефильм, 16 хроникалык, до­кумент, ил.-популярдык ж-а окуу фильмдерди чыгарган, 30га жакын фильмди кыргыз тили­не которгон (1985). 2002-ж. «К.» студиясына Т. Океевдин ысмы ыйгарылган. 2004-ж. Улут­тук статус берилген. 1990–2010-жылдары жеке менчик студиялардын өнүгүшүнө жардам көр­сөткөн. Фильмдердин дээрлик бардыгы «К-дин» тех. базасында, анын катышуусу м-н пайда болду. Толук метраждуу, кыска метраждуу, даректүү фильмдер, балдарга арналган «Аралаш» киножурналы тартылган. Ар кайсы жылдарда Т. Ибрагимов, С. Койчуманов, Б. Карагулов жетектеген. 2009-жылдан директордун мил­детин Т. Кулмендеев аткарат, к. Кыргыз ки­носу.