КЫРГЫЗСТАН 2

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗСТАН (1996-ж. чейин К ы з ы л - К ы р­г ы з с т а н) – Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-нундагы кыштак. Сакалды айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңг. 545 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыш-нан 12 км түш.- батыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 57 км. Калкы 2429 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Үрөнчүлүк дыйкан ж-а жеке менчик чарбалар (а. и. кооперация­лар) иштейт. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.