КЫЯМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата v>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЯМ – мөмө-жемиштерден шекер кошулуп даярдалуучу таттуу азык. К. кожогат, дан куу­рай, карагат, четин ж-а чычырканак ашы, алма,

алмурут, өрүк, шабдалы, чие, гилас, коон, сабиз, кайналы, жүзүм, апельсин, мандарин ж. б-дан кайнатылат. К. кайнатыш үчүн алмурут, шаб­далы, өрүк, кожогат, кулпунай ж-а барсылдак­тын өтө быша элеги, ал эми кайналы м-н чие­нин бышканы жакшы. Өтө бышкан мөмө-же­миштен күндөлүк желе турган гана К. кайна­тылат. К. кайнатууну жалпысынан экиге бө­лүүгө болот: бир жолу кайнатуу ж-а кайталап кайнатуу. Б и р ж о л у кайнатууда мөмө-же­миштер даяр болгонго чейин тынымсыз кайна­тылат. К а й т а л а п кайнатууда мөмө-же­миштер бир нече жолу муздатылып, кайра кай­натылат. К. кайнатыла турган идиш жазы (жай­пак), бирок өтө чуңкур болбош керек. К. кон­серва з-ддорунда дат баспаган атайын казандар­да, вакуум-аппараттарда, үйдө дат баспай тур­ган болот чарага (сыйымдуулугу 2–6 кг) кайна­тылат. К. кайнатууга толук муздатуу мезгилин кошкондо 1–5 күн кетет. Канттуулугу 65–70% К. көпкө сакталат. Кандай гана мөмө-жемиш­терден даярдалбасын, К-дын курамында 45– 55% мөмө-жемиштер (салмагы б-ча), 68–70%тен кем эмес кургак зат (рефрактометр б-ча), 66– 72% углевод (сахароза, глюкоза, фруктоза), 0,01%тен кем эмес күкүрт к-тасы ж. б. болот. К-да коргошун тузу болбошу керек. К. салыш­тырма нымдуулугу 75%тен ашпаган кургак жерде сакталат.