КЫТАЙЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:06, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫТАЙЛАР (өздөрүн хань деп аташат) – эл, КЭРдин негизги калкы. Сингапур, Түш.-Чыгыш Азияда (Тайланд, Индонезия, Мьянма, Филип­пин, Вьетнам, Камбожа, Бруней) ж-а Чыгыш Азияда [Сянган, Аомынь (Макао), Япония, Ко­рея], о. эле АКШ, Канада, Европа, Россия, Аф­рика, Австралия, Океанияда да жашашат. Жал­пы саны 1,3 млрд киши (2000), а. и. КЭРде 1137,4 млн; Тайванда 22,5 млн; Сянганда 6,6 млн; Аомында 0,4 млн (2008). Айрым маалы­маттар б-ча К. хань-тибет, малайя-полинезия, мопкхмер, тохар ж-а алтай тилдеринде сүйлөгөн көчмөн уруулардын аралашуусунун негизинде калыптанган. Синологиялык ил. пикир б-ча К-дын түпкү теги Хуанхэ д-нын орто ж-а төмөнкү агымында б. з. ч. 4–3-миң жылдыкта Яншао, Луншан неолит мад-тын түзгөн уруулар болгон. Б. з. ч. 21–8-к-да Кытайдын азыркы аймакта­рында түрдүү уруулардан турган көптөгөн мам­лекеттер болгон. Батыш Чжау династиясы бий­леген доордо Хуанхэ м-н Янцзы д-нын төмөнкү агымында жашаган уруулар Хуася этностук коомун түзгөн. Чжанго доорунда Кытайда бири бири м-н жоолашкан жети бирдей падышалык өкүм сүргөн, а. и. эң күчтүү падышалык Цинь Шихуанди б. з. ч. 221-ж. алты падышалыкты өзүнө багындырып, Кытай тарыхындагы туң­гуч мамлекет – Цинь империясын түзгөн. Би­рок көп узабай б. з. ч. 206-ж. бийликке Хань династиясы келген. Байыркы кытай эли ошол кезде калыптанган. Кытай элинин этностук аталышы – хань да ошо династиянын аты м-н байланышкан. 618– 907-ж. Тан династиясынын мезгилинде Кытайдын мад-ты гүлдөгөн. Хань доорунда пайда болгон Улуу Жибек жолунун ролу артып, коңшу жашаган каршылаш элдер м-н саясий-маданий байланыштары күчөгөн. 10– 13-к-да Сун династиясынын мезгилинде Кытай экиге (түн., түш.) бөлүнгөн. Түндүктө адегенде моңгол тилиндеги кидандар (андан орустун «ки­тай» деген сөзү пайда болгон), андан кийин тун-


Кытай аялдары музыкалык аспаптар менен. 19-к.

гус-манжур тилинде сүйлөгөн чжурчжендер үс­төмдүк кылган. Кытай династиясы башкарган түштүккө К-дын түндүктөн келиши күчөгөн. Кытайдын азыркы аймагындагы мамлекеттер­ди моңголдор басып алган. Моңголдорду кууп чыккандан кийин Мин династиясы убагында (1368–1644) К-дын Хуанхэ ж-а Янцзы д-нын алаптарынан Түштүккө көчүшү уланган. Кы­тайдын азыркы чек арасы маньчжурдун Цин династиясы мезгилинде (1644–1911) калыпта­нып, 1949-ж. КЭР болуп түзүлгөн. Цин импе­риясынын атынан К. Chiha, Чин, Кытай деп да аталат. Кытай тилинде сүйлөшөт. К. конфуций­чилик, даосизм ж-а буддизмди тутушат. О. к-да Кытайдын түн.-батыш аймактарына ислам дини, кийинчерээк христиан диндери тарай баш­таган. К. негизинен дыйканчылык (күрүч, чай, пахта, таруу ж. б.) м-н кесиптенишет. К-дын та­мак-ашы – негизинен күрүч, балык, эт азыкта­ры. Аял м-н эркектин салттык кийимдери бы­чылышы ж-а тигилиши б-ча көп айырмаланбайт. Капталдары тилинген кыска көйнөк, кенен шым ж-а кездемеден тигилген бут кийимдерди кийи­шет. Көктөм, Цинмин, Дуакоу, Чжунцю ж. б. улуттук майрамдарды майрамдашат.

А. Сагынбекова.